Печать
Категория: Коом
Просмотров: 229

Мамлекеттик салык кызматынын волейбол боюнча кыздар командасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата Кант шаарында өткөрүлгөн спартакиадада биринчи орунду жеңип алышты.

Мелдешке Финансы министрлигинин жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринен турган 10 команда катышты.

Жыйынтыгында Салык кызматынын кыздар командасы төрт команданы жеңип, ардактуу биринчи орунду ээледи.

Жеңүүчүлөргө медаль, кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.