Печать
Категория: Коом
Просмотров: 175

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолугушууда алардын окуусуна, коопсуздугуна жана ден соолуктары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.