Печать
Категория: Коом
Просмотров: 350

Бишкек шаарында түндө болгон соңку окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды, өзгөчө жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого жана мыйзамсыз аракеттерди жасоонун кесепеттери жөнүндө унутпоого чакырат.

"Мындай аракеттер мекемелердин, уюмдардын нормалдуу иштешин бузат.  Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна  коркунуч туудурат.  Ошондой эле Бишкек шаарынын жашоочуларынын эркин жүрүү укуктарын бузат жана аларга башка маселелерди жаратат.

Жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого жана жогорку жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырабыз. Уруксат берилбеген иш-чараларга катышкан учурда уюштуруучулар жана чагымчылар тарабынан коомдук тартипти бузууга жана кырдаалды курчутууга багытталган чагымчылдыктын жогорку коркунучу бар экенин унутпаңыздар.

Жарандардан үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдардын убакыт өткөрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүнү суранабыз, алар менен жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, мыйзамдарды кынтыксыз сактоо жана уруксат берилбеген чогулуштарга, митингдерге катышууга жол бербөө жөнүндө олуттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Укук бузууларга жана коомго жат жүрүм-турумга жол бербөө максатында ички иштер органдары укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга багытталган бардык зарыл чараларды көрөт.