Печать
Категория: Коом
Просмотров: 962

Камчыбек Ташиев кечээ, 18-майдын түнүндө Бишкектин айрым көчөлөрүндө ар кайсы курактагы жигиттер топтолуп, Кыргызстандан Пакистан, Бангладеш өңдүү өлкөлөрдөн келип иштеп жүргөн жарандарды чыгаруу талабын койгон окуя тууралуу пикирин билдирди. 

"Кечээги окуяга 18 жаштан 25 жашка чейинки 200дөн 700гө чейин балдар катышты. Алардын талаптары - биздин мамлекетке Бангладеш, Пакистан, Индия, Египет сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнө байланыштуу болду. Балдардын койгон талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептеймин. Келген мигранттардын көп болуп кеткенине байланыштуу биз өзүбүздүн чараларды көрүп баштаганбыз. Апрель айынын башталышында президентибиз Садыр Нургожоевич кеңешме өткөрүп, мамлекетте мыйзамсыз жүргөн ар бир мигранттын жоопкерчилигин кароо боюнча тапшырмаларды алдыбызга койгон. Анын негизинде иштер жүргүзүлдү жана ушул азыр да уланууда. Күнүнө жок дегенде 20-30 -50 чакты мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап, мамлекеттен чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. 

Мамлекетибизде иштеп жүргөн мигранттардын мыйзам бузуусу боюнча толук статистика колубузда турат. Көпчүлүгү Пакистандан жана Бангладештен келген жарандар. Пакистандан келген 1500гө жакын, Бангладештен келген 1300гө жакын жарандарды чыгардык. Бүгүнкү күндө дагы 5000дей жарандар бар. Алардын 1360ы пакистандыктар, 1300ү бангладештиктер, калганы башка өлкөлөрдөн. Ошондуктан бүгүнтөн баштап буга чейинки жасалып келаткан иштер күчтөндүрүлүп улантылат.

Кечээги окуяга катышкан балдардын койгон талаптары туура, бирок ошол эле убакта коомдук тартипти бузуу, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселеси байкалса, анда мамлекет тарабынан чара көрүлөт. Кечээ мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок, күч колдонулбады. Себеби биз мүнөзүн көрүп жаттык, жаман шарттарга баруу ниеттери болбоду. Бирок алардын арасында кээ бир провокаторлор бардыгын билебиз жана аларды тактап бүттүк. Окуяны телефонго тартып, ватсап аркылуу ар кандай провокациялык түрдө көрсөтүп, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыгуу маселесин кошкондор болуп жатат. Аны тактадык жана жоопко тартабыз. Ал окуяда курал менен жүргөндөр да болду, аларды кармалык. Анткени курал кокус атылып кете турган болсо кесепети кейиштүү болмок.

Биз ар бир жарандын коопсуздугун сактоого шарт түщүп берүү милдеттерибизди так аткарып жатабыз жана аткарабыз.

Мындан ары да ушундай маселелер чыга турган болсо, ал саясий өңүткө өзгөрүлө турган болсо, чара көрүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Камчыбек Ташиев.