2023-жылдын 27-январында орун алган куралдуу кол салууга катышкандардын дагы бири УКМК тарабынан кармалды.
Эске салсак, аталган күнү Кара-Суу районунун Нариман айылында беткап тагынган, курал көтөргөн бир нече адамдар «Тайота Лендкрузер 200» үлгүсүндөгү автоунаага акча алуу ниетинде кол салышкан. Бирок көздөгөндөрү орундалбай, окуя болгон жерден из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Бул кылмыштуу окуяга катышууга шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон кыргызстандык И.С.Д. кармалды.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.