Кара-Суу районунун аймагында 2024-жылдын 14-май күнүнөн 18-май күнүнө чейин “Экстремист” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү багытында жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, экстремисттик мазмунду камтыган материалдары бар болушу мүмкүн деген аккаунт аныкталган.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аккаунттун колдонуучусу Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган Т.М. экендиги аныкталган.
Чогултулган материалдардын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө мурда соттолгон Кара-Суу районунун жашоочулары 1952-жылы туулган С.А., 1977-жылы туулган М.И., 1983-жылы туулган М.М., 1993-жылы туулган Д.А. менен 1973-жылы туулган У.З. жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, 18 даана китептер, 40 даана китепче (брошюра), араб жазуусу бар 4 даана дептерлер, 9-даана ДВД-диск, 2 даана планшет, 6 даана телефон, 1 даана флеш-карта алынды.
Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тинтүү жүргүзүлгөн үй ээлери тергөө кызматына камсыз болушуп, суракка алынышты.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жүргүзүлгөн профилактикалык маектешүүдөн кийин 1977-жылы туулган М.И., 1973-жылы туулган У.З., жана 1993-жылы туулган Д.А. аттуу тургундар экстремисттик уюмдардын идеологиясын колдобой тургандыгын билдиришти.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.