15-майда УКМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныктады.
Тактап айтканда, алардын КР визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.
Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.