Парламент жыйынында депутат Айсара Абдибаева менен ӨКМ министри Бообек Ажикеев айтыша кетишти.
Депутат ӨКМнын маалыматы боюнча 30-апрелде 115 окуя катталганын, анын 88и сел экенин белгилеп, "Баарынан көп Ош жана Жалал-Абад облусутары жабыркаптыр. Бул боюнча комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын айттыңыз. Ал комиссия качан түзүлдү жана бүгүнкү күндө кандай иштерди жасады?" - деп суроо узатты министрге.
"Комиссиянын курамына ар кайсы тармактардын адистери киришти. 5 кишиден 9 кишиге чейин турат. Учурда жабыркаган объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүшүүдө", - деди Ажикеев.
Айсара Абдибаеванын айтымында, Жалал-Абад облусундагы Кош-Дөбө айылындагы Мундуз жана Атана участокторунун ортосунда кооптуу жол тилкеси бар. Депутат бул боюнча эки жылдан бери айтып келатканын, жыл сайын ал жерде сел болоорун, бирок оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн белгиледи. "Ушул убакка чейин жол калыбына келтирилген жок", - деди ал.
Буга министр ӨКМ жолдорду эмес, жарандарды куткаруу иштерин жүргүзүшөөрүн айтып жооп берди.
Абдибаева министрдин мындай жообуна нааразы болду. Ал жээктерди бекемдөө маселесин айтып жатканын белгилеп, "Кантип сиздердин буга тиешеңиздер жок? Эмнеге мага кыйкырып жатасыз? Кандай укугуңуз бар? Мен элдин кайрылуусун жеткирип жатам", - деди.
Вице-спикер Нурланбек Азыкбаев аларды этиканы сактап, бирин бири сыйлоого чакырды.