Печать
Категория: Коом
Просмотров: 314

Бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – депутаттар Мамасадыков З.Д., Талиева К.А., Раимбачаева В.К., Нурбаев Ж.П., Самыйкожо М., Сарбагышев М.К., Ашимова Д.А., Икрамов Т.И., Кадырбеков Н.К., Алиев М.К., Айжигитов С.А., Алимжанова Н.Я., Жакышов Р.Ш., Айдарова А.А.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүү, ошондой эле саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого кыйла натыйжалуу катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Ошентип, конституциялык мыйзамдын долбоору шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев ар бир шайлоо округунда 120 миңге чейин шайлоочу бар экенин белгилеп, бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер тарта турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону сунуштады. Эл өкүлү Дастан Бекешев да бул пикирди колдоп, үгүтчүлөр талапкерлердин шайлоо программасы тууралуу шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү иштерди аткарып жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн конкреттүү санын белгилебей, алардын санын округдагы шайлоочулардын жыштыгына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Конституциялык сот «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору Конституциянын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 2, 4, 5, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 36-беренесине, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө каршы келбейт деп тапкан.

Баяндамачы кошумчалагандай, жогоруда белгиленген беренелердин шайкештигин текшерүү боюнча Конституциялык сотко 2022-жылдын 17-июнунда «Бир дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинин өтүнүчү келип түшүп, кайрылуунун субъекти салык органына отчет берүү жана коммерциялык сырды жокко чыгаруу сыяктуу чектөөлөр басмырлоочу болуп саналарын белгилеген.