Печать
Категория: Коом
Просмотров: 177

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Бишкекте кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өттү.

"Иш-чарага Кыргыз Республикасында аккредитацияланган 12 дипломатиялык өкүлчүлүк жана 1 консулдук мекеме катышты", - деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Жарманкеге келгендер ар кандай товарларды сатып алып, ошондой эле өкүлчүлүктүү чет мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынан жана суусундуктарынан даам тата алышты.

Жарманкеден түшкөн каражаттын баары кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Белгилей кетсек, жарманке Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.

Иш-чараны КР Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын  мэриясы уюштурууда.