Печать
Категория: Коом
Просмотров: 155

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жок. Прокурор соттон аны жети жылга абакка кесүүнү өтүнгөн.

Былтыр 6-декабрда Шакирге айыбы угузулган. Прокурор ал интернетте адамдарды "жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин" айтып, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү "бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп белгилеген.