Печать
Категория: Коом
Просмотров: 595

Жогорку Кеңеш "Соттордун макамы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. 

Депутат Медер Алиев бүгүнкү күнү зерикпеген адамдын баары сот корпусуна чабуул жасап калганын белгиледи.

"Көпчүлүк учурда сырттан караганда баары жеңил сезилет. Мындай чындык бардык жерде бар: ошол эле Европада, Америкада, бизде дагы. Жеңилген тарап дайыма сотторду айыптайт. Мен бийликтин  үч бутагынын ичинен эң алсызы сот тармагы деп билем. Парламенттин артында эл турат. Аткаруу бийлигинин штатынын 90 пайызы мамаппараттын чиновниктеринен турат. Бюджети бар. А сот корпусу кээде кайсы бир маселеде өз көз карашын билдиргиси келет, бирок мыйзам менен торолуп калган. Албетте, коррупция менен алектенген абийирсиз соттор да бар. Бирок профессионал, татыктуу, чынчыл соттор дагы бардыгын унутпайлы", - деген депутат учурда сотторго карата ишенимсиз мамиле басымдуулук кылаарын белгиледи.