Печать
Категория: Коом
Просмотров: 540

Кыргызстанда сот тармагынын алсыз болуп жатканынын себеби - соттук фонддун жоктугунда. Бул тууралуу депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

Ал президенттин, спикердин, Министрлер Кабинетинин төрагасынын өзүнүн фонду бардыгын белгилеп, сот тармагына да ушундай нерсе керек деп эсептет. 

"Соттук фонд түзүп, андагы каражат сотторду колдоого жана ар кандай керектөөлөргө жумшалышы керек", - дейт ал.