КР УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан жеринен аскер комиссариатынын офицери А.Р. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан учурда аскер комиссариатынын кызматкери А.Р.ны кармады.
Аталган жарандын кызмат өтөгөн жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылды.
Учурда А.Р. тергөө абагына киргизилди.