Печать
Категория: Коом
Просмотров: 936

Садыр Жапаров - Камчыбек Ташиев тандеми Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы эң бир узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү саясий биримдик болуп калаары анык. Тандемдин ийгилигинин кепилдиги деп президенттин мамлекеттик башкаруунун аренасына өзүнүн досу жана өнөктөшү Камчыбек Ташиевди алып келүү боюнча саясий чечимин айтсак болот. Мындай пикирин саясий эксперт Медербек Корганбаев vb.kg сайтына билдирген. 

Ал белгилегендей, Садыр Жапаров аркылуу Ташиев колуна чоң бийликти алды. 

"Президент ага атайын кызматты жана чек ара кызматын ишенип тапшырды. Белгилей кетсек, Ташиевдин чалгын кызматына эч кандай тиешеси болгон эмес. Камчыбек Кыдыршаевич биринчи кезекте мурдагы депутат, ӨКМ генералы. А ӨКМ менен УКМК - айтылып жүргөндөй, асман менен жердей. Ага карабай Садыр Жапаров Ташиевди УКМК төрагалыгына дайындоо менен досунун ишенимдүү экенине басым жасады. Кандай болгон учурда да Жапаров менен Ташиев чогуу оттон да, суудан да өтүштү, чогуу репрессияга жана куугунтукка кабылышты.

Бүгүнкү күндө Ташиевдин мамлекеттик жетекчи катары позициясы болуп көрбөгөндөй күчтүү, ал кылмыштуулукка жана коррупционерлердин чагылгандай эле коркунучтуу. Бирок тилекке каршы, өлкөбүздө эки досту кайраштырууну каалаган күчтөр бар. Калк арасында жөн жерден Жапаровду - 01, Ташиевди - 02 деп атап коюшпаган. Болбосо Конституция боюнча спикер мамлекет башчыдан кийинки экинчи орунду ээлеши керек болчу. Ошондуктан үчүнчү күчтөр тандемди талкалоону абдан каалашат жана ушул багытта аракеттенишүүдө. Анткени Жапаров-Ташиев саясий блогу кыйраса, бул коомдук-саясий тең салмактуулукту жана өлкөдөгү саясий элитага болгон мамилени олуттуу өзгөртүшү мүмкүн", - деген Корганбаев. 

Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кол салуулар, ММКларда жана соцтармактарда Ташиевдин президенттик шайлоого катышат дегендей маалыматтардын таралуусу так ушул максатта жасалып жатат деп эсептейт. 

"Садыр Жапаров сөзсүз түрдө экинчи президенттик мөөнөткө шайланат. Аны түшүнмөксөн болуу же жокко чыгаруу акылсыздык. Ооба, Камчыбек Ташиев дагы качандыр бир президент болушу мүмкүн, бирок Садыр Жапаровдон кийин гана. Саясаттын эрежеси ушундай, аны кабыл алуу жана түшүнүү зарыл. Белгилей кетчү нерсе, Садыр Жапаров Ташиев менен саясий тирешүүгө жол бербейт. Ооба, президент академик эмес, чоң регалиясы жок, ал чындап эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган, кийинчерээк юридикалык билим алган. Айрымдар президентти физкультурник деп ылдый кылууга аракеттенип жатышат. Эмне экен? Бүгүн Жапаров Кыргыз Республикасынын башчысы, дүйнөлүк аренада ал өлкөбүздү таанытып датат. Садыр ава - биздин адам, карапайым элден чыккан, ооба, физкультурник, бирок президент! Өлкөнү да башкара алат, керек болсо ашыкча кеткен адамды муштум менен жайына да келтире алат. Садыр Жапаров Тамерлан эмес, Раззаков эмес, анын өзүнүн тарыхы, өзүнүн жолу жана өз көз карашы бар. Баса, Тамерлан аксак Тимур дегенди түшүндүрөт. Антип душмандары аташкан, а биздин президент Жапаров күч-кубаттуу жана ден соолугу чың", - деген эксперт.