Печать
Категория: Коом
Просмотров: 338

2024-жылдын 7-майында КР УКМК Ош облусунун ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган 7 турак жайда тинтүү иштерин жүргүздү. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 126 материал табылып, анын ичинен 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал , 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон алынды.

Алынган материалдардын айрымдары КР аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам, аталган предметтер КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча "Йакын Инкар" диний - экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР  Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири  А.Ш.Д., «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартып, салттуу исламды карманууну убадалады.