Печать
Категория: Коом
Просмотров: 241

4-майда Кыргызстандын 1966-жылы туулган жараны, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган жаран  2015-жылдын ноябрында Сирия Араб Республикасында "Жабхат-Ан-Нусра" эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан. 

Аталган Б.З.Т. соттун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.