Печать
Категория: Коом
Просмотров: 381

Нарын дарыясынын жээгинен дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издөөгө бүгүн саат 08:00дө 135 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, N16, 47 ӨКБдан жалпы 35 куткаруучу 1 дрон, Авариялык куткаруу жана КамАЗ унаасы менен тартылды.

Мындан сырткары ИИМден 90 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөөгө чыгышты.

Эске салксак 12-май күнү, саат 11:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилээрин ӨКМдан белгилешти.