Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

Бажы кызматынын капитаны опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "Кызыл-Кыя – авто жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде Бажы кызматынын айрым өкүлдөрү жеке ишкерлерден опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

"9-майда "Кызыл-Кыя – авто жол" бекетинде Бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды", – деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекемеден бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.