Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Чек ара кызматы тарабынан 1 миллион сомдон ашык турган контрабандалык дары-дармектер алынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдагы буйругуна ылайык, аталган дары-дармектер дарыгердин рецепти боюнча гана берилет, ал эми бул препараттарды КР аймагында сатууга лицензиясы бар медициналык мекемелер аркылуу гана жүгүртүүгө уруксат берилет.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 3-май күнү ИИМдин БМЖКККнын жана УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган.
Анын автоунаасын кароо учурунда тийиштүү документтери жок дары-дармектер алынган. Дары-дармектердин жалпы баасы 1 000 000 сомдон ашат.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери руспублика аймагында тыюу салынган дары-дармектердин контрабандасынын башка катышуучуларын жана каналдарын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы дарыканадагы баңгиликке каршы күрөштү жигердүү жүргүзүп, приоритеттүү багыттардын бири жашы жете электер жана өспүрүмдөр арасында психотроптук, ошондой эле таасири күчтүү препараттарды жайылтуунун жана колдонуунун алдын алуу болуп саналат.