Печать
Категория: Коом
Просмотров: 518

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ликер-арак продукциясын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, "Кемин" ички салык постунда жалпы көлөмү 2 миң 80 литр болгон акциздик маркалары жок ликер-арак продукциясын (шарап) мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлган.

Жогоруда көрсөтүлгөн продукциясы бар унаа айып токтотуучу жайга токтотулган. Жакын арада материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.