Печать
Категория: Коом
Просмотров: 353

8-майда Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркаган эки кыргызстандыктын узак мөөнөттүү дарылоосу аяктады. Алар кечээ, 9-майда Бишкек шаарына келишти.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.

Башкы консул Рустам Кошонов башкы дарыгер Мехмет Волкан Харпутка, дарылаган дарыгерлерге, ошондой эле Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн бардык медицина кызматкерлерине кыргыз тараптын атынан ыраазычылык билдирип, түрк дарыгерлеринин аракети кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстандын Түркия менен болгон боордоштугу жана кызматташтыгы менен ого бетер бекемделгенин белгиледи.

Ошондой эле, Адана шаарында жашаган жана мекендештерин дарылоодо колдон келген жардамын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын активдүү жарандары ыраазычылыктарды алышты.

Буга чейин маалымдалгандай, январь айында Коргоо министрлигинин тик учагынын кыйрашынан кийин 25-апрелде жабыркагандардын бири Кыргыз Республикасына кайткан. Жабыркаган экинчи аскер учкучу ушул жылдын 7-майында Кыргыз Республикасына учуп келген.