Печать
Категория: Коом
Просмотров: 906

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков алтын куймалары тууралуу такталбаган маалымат тараткан Асхат Осмонов тууралуу соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. 

Анда басма сөз кызматынын жетекчиси Осмонов тарабынан таркатылган бул биринчи жалган маалымат эместигин, буга чейин дагы ал элди адаштырууга аракеттенип келгенин белгилеген. 

"Эсиңиздерде болсо мындан бир топ убакыт мурда Асхат Осмонов деген активист Райымбек Матраимовдун жазган каты деп фейк маалымат тараткан. Анда, Матраимовдун кол жазмасын окшоштуруп, бийликке акча бергенин кошумчалап элди жалган маалымат менен азгыргысы келген. Андай карасантайлыгы ошол күнү эле билинип, кол жазма Асхат Осмонов тарабынан жасалганы аныкталган.

Бул сапар жасалма алтын куймаларды кагаз коробкага тизип алып монтаждап чыгарыптыр. Жасалма кагаз акчалар, алтын куймаларга окшош оюнчуктар болот. Асхат Осмонов деген шылуун алыста жүрүп зериксе керек, оюна келген калптарды мезгил-мезгили менен чыгарып турат. Алтын оор болот, куймаларды кагаз коробка кантип көтөрмөк эле?! Анын сабатсыздыгы так ушул жерден билинип калыптыр.

Бул жаран 2020-жылы “Чоң-Казат” кыймылынын курамында болуп, бийликке келүүгө аракет кылган. Максаты ишке ашпаган соң, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, кийин Америкага чыгып кеткен. Азыр уктаса-турса бийликтин кетишин кыялданып, бузукулук менен жалган маалыматтарды таратып коюп отурат.

Андыктан мындай чагымчыл фейк маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Кумтөрдүн алтыны 1 граммына чейин катуу көзөмөлдө, Улуттук Банкта сакталып турат. Аны коробкага салып ары бери ташыгандай кампадагы картошка эмес да?!." - деп жазды Орунбеков.