Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева менен чогуу өгөй атасынын кордугуна кабылган наристе кызды барып, көрүп келишти.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын отуруму өткөрүлүп, анын жүрүшүндө үй-бүлө менен жекече иштөөнүн жана баланы коргоонун жекече планы бекитилди.
Асель Чынбаева үй-бүлөнү жана балдарды коштоп жүрүүнүн, ошондой эле өз убагында ар тараптуу колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ыйгарым укуктуу өкүл баланын ден соолугу менен таанышып, дарылоочу врач менен сүйлөшүп, кыздын чоң энесинен окуя тууралуу маалымат алды.
Бул окуя Сокулук районунун ички иштер органдарында катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Тиешелүү кызматтар зарыл болгон медициналык, психологиялык, укуктук, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүшүүдө.