Печать
Категория: Коом
Просмотров: 304

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «ВПУ» суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин пландоодо.

Бул иштердин алкагында  8-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:

* Садовая көч- Чүй пр. - Ч. Валиханов көч – темир жол линиясы;
* 7-апрель көч–Ауэзов көч- Исакеев көч – Ч. Валиханов көч.

Калктуу конуштардагы өчүрүү аймагы: Учкун конушу жана Учкун кичи району.

"Урматтуу шаар тургундары! “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат", - деп айтылат Бишкек мэрия тараткан маалыматта.