УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы кырсыкка кабылган окуучулардын ата - энеси менен жолугушууда "бул абалдан бири бирибизди колдоп чыгып кетишибиз керектигин" белгиледи.
"Президентибиз мени бул жакка өзү жөнөттү. Ал балдардын абалына абдан санааркап жатат. Ал жердеги балдардын коопсуздугун камсыз кылыш керек болчу. Чоң иш чара өтүп жаткандан кийин бардык шарттарды түзүү керек эле. Жөн гана адамдарды чогултуп алыш шарт эмес. Машиналарды өткөрбөй, токтото турчу атайын жай кылуу зарыл болчу.
Сиздер, ата-энелер кабатыр болбой, сабыр кыла туруңуздар. Кудайдын бешенеге жазганы ушул экен. Эми бири бирибизге колдоо көрсөтүп, ушул абалдан чыгып кетишибиз керек. Бүгүнкү күндө мамлекетте каржы жактан кыйынчылык жок. Кудайга шүгүр, мурдагыдай эмеспиз. Тыйын-тыпырыбыз бар, жабыр тарткандарды толук камсыздайбыз. Балдарыбыз айыккыча жооптуу адамдар ушул жерде болот. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министринин адамдары бул жерде болот", - деген Ташиев оор абалдагы балдардын ата-энелерине 200 миң сомдон таратып берди.