Печать
Категория: Коом
Просмотров: 462

Сузак районунда 2-майда болгон окуядан кийин башка облустардагы Манас айтуу сынагы токтотулганын "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков кабарлады. Ал бул тууралуу  коомдук медиага кайрылуу жарыялады.

Ал Сузактагы иш-чараны 2-майда өткөрүү эч ким менен макулдашылбай, жергиликтүү жетекчилер өз билемдик менен пландаганын айткан.

"Бул окуяда балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер күч түзүмдөрүнүн териштирүүсүндө мыйзам алдында жооп берет", – деди ал.

Ошондой эле, "Манас" үчилтигин жайылтуу боюнча президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында республикалык кароо сынак апрель айында башталып, бир катар аймактарда жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн" кошумчалаган.