Печать
Категория: Коом
Просмотров: 313

Быйыл Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда мындай чечим дүйнөдөгү соңку окуялардан улам коомдук коопсуздукту сактоо, ыктымал коркунучтарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында кабыл алынды.

"Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген. Ал адатта Бишкекте Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Түштүк дарбазадан" башталып, Жеңиш аянтына чейин уланчу.

Былтыр Ош шаарында өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы майданда курман болгон.

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот.

Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун алтымыштай ардагери калды. Эки жыл мурда алардын саны жүздүн тегерегинде болчу.