Печать
Категория: Коом
Просмотров: 396

"УКМКнын дарегине Мамлекеттик салык кызматынын Кара-суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан КР аймагына 9 даана автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.  

Аталган факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

2024-жылдын 27-апрелинде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен  Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.