Печать
Категория: Коом
Просмотров: 325

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигине берген маегинде электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына байланыштуу түшүндүрмө берген.

"Бүгүнкү күндөгү тарифтик саясат 2023-жылга карата инфляциянын деңгээлине ылайык жөнгө салынууда. Алсак, электр жарыгынын баасынын өсүшү болжол менен 10,8%ды же 11 тыйынды түзөт. Ошону менен бирге тарифтер башка категориядагы керектөөчүлөргө, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн да жогорулайт, алар үчүн өзүнчө жеңилдетилген баа белгиленген.

Эгер керектөөчүнүн үйүндө муздаткыч менен телевизор эле иштесе, тарифтик пландан ашпайт жана ага жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу ысыткыч, телевизор, кондиционер жана башкалар иштесе, анда жарыктын баасы жогору болуусу керек. Энергия дагы товар. Электр энергиясын көп керектегендер ошого жараша киреше табышат болушу керек, ошол себептен кызмат үчүн төлөш керек", - деген министр.

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына болгон тарифтер жогорулай турганы айтылган.