Бүгүн, 30-апрелде таңга маал акын жана сатирик, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл акыны Жолочу Рысбаев 74 жашында дүйнө салды.
Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Жолочу Рысбаев 1949-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылында төрөлгөн.
Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1975-жылдан тартып баштап, Кыргыз телерадиокомитетинде иштеген. Ал "Мыскыл жана тамаша", "Шибеге", "Бетке айткандын заары жок" ж.б. көрсөтүүлөрдү даярдаган.
Кийинчерээк Чүй облустук "Сары өзөн"телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.
1988-жылдан тартып СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Анын ырлардан, тамсилдерден жана сатиралардан турган бир нече китеби жарык көргөн.