Печать
Категория: Коом
Просмотров: 261

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими 29-апрелде алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, режим облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу Ош облусунун башчысынын буйругунун негизинде алынган.

Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптаган жана бул табигый кырсыктан бир адам каза болгон. Буга байланыштуу облус аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген болчу.