Печать
Категория: Коом
Просмотров: 290

2024-жылдын 22, 23, 24, 25  жана 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзамендери өткөрдү.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 194 талапкер чакырылган, анын ичинен 126 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 17 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет.