Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жаңы салынып жаткан Жалал-Абад-Балыкчы альтернативдик унаа жолунун 63-чакырымында кечээ катуу жааган жамгырдан улам, жолго көчкү түшүп, унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигин эскертет.
Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда жолдордуу тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринен иш алып барууда.