Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1223

Жогорку Кеңешке Ош округу бир мандаттуу округу боюнча бүгүн, 28-апрелде өткөрүлгөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда Бекмурза Эргешов алдыда келатат. Ал шайлоочулардын 43,80 пайызынын добушун алган. 

Соцтармакка тараган маалыматтардын биринде БШКнын Бекмурза Эргешовдун каттоосун жокко чыгарган чечими сот тарабынан колдоого алынбай калганына Жогорку соттун судьясы Медербек Сатиевди аралаштырышкан. 

Андагы маалыматтарга таянсак, Эргешовдун сот тарабынан талапкердик укугун кайтарып алышына Сатиев "салымын" кошкон. Анткени "талапкер менен Жогорку соттун судьясы тууган - бөлөлөр". 

Тактап койчу нерсе - талапкердин арызын Бишкек шаардык административдик соту карады, чечим чыгарды. Сатиев Жогорку соттун судьясы катары административдик соттун ишине кийлигише албайт, чечимине таасирин тийгизиши мүмкүн эмес. Кыязы, айрым адамдарда сот болсо эле, баары тең бири биринин айтканынан чыкпай иштешет деген ой бар окшойт. 

Кайсы бир адамды каралоодо, жаманатты кылууда тиешеси жок эле экинчи адамды ала жатууну качан калтыраар экенбиз?..