Печать
Категория: Коом
Просмотров: 293

Бүгүн, 28-апрелде Баткендеги №2, Ош №7 жана Кара-Суу районундагы №9 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо башталды. 

Белгилей кетсек, аталган округдар боюнча 30 талапкер ат салышкан. Анын ичинен: 

- Баткенде - 10 талапкер;

- Ошто - 13 талапкер;

- Кара-Сууда - 7 талапкер. 

Ал эми шайлоочулар аталган округдар боюнча 349 миң 798. Алардын ичинен: 

- Баткен шайлоо округу боюнча - 112 миң 379;

- Ош шайлоо округу боюнча - 125 миң 386;

- Кара-Суу округу боюнча - 112 миң 33. 

Шайлоо өткөрүүгө даярдануу жана өткөрүүгө 34 миллион 648 миң сом коротуу пландалып жатканы айтылган. 

Эске салсак, Жогорку Кеңешти "матраимовдук клан" менен байланышы барлардан тазалоо процессинен улам бир канча эл өкүлдөрү айрымдары сот аркылуу мандатынан ажыратылса, кээ бири өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Ошондой эле, буга чейинки шайлоодо добуш сатып алуу жолу менен шайланганы ачыкталганы үчүн мандаттан ажырагандар да бар.