Печать
Категория: Коом
Просмотров: 373

Баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргыз Республикасына, андан соң коңушулаш Казакстан Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Кытай Эл Республикасына баңг заттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруп, көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 

Тактап айтканда, масштабдуу оперативдүү иштердин натыйжасында Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим куурайы аныкталган. "Кодеин" жана "Морфин" баңги жана психотроптук заттарын камтыган апийим куурайынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы 350 килограммга жакынды түздү.     

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 285-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (КР бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү) жана 282-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча КР жарандары А.Ф.К. жана А.А.К. кармалды.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.