Печать
Категория: Коом
Просмотров: 418

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын санитардык абалы, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Анда айтылгандай, текшерүү иштерин тийиштүү кызматтардан турган комиссия жүргүзүүдө.

Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 27 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.