Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында цемент чыгарган завод курулуп баштаганын аталган шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, заводдун курулушуна Кытай инвестиция салган.
24-апрелде Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев заводдун курулушу менен таанышкан. Ал ишкананы салып жаткан компаниянын жетекчилери менен цемент заводунун мүмкүнчүлүктөрү, экономикага, экологияга тийгизген таасири, калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.