Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталганын УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Талас районунун капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлери «МПМК-Талас» курулуш подряддык ишканасынын жетекчилери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Талас облусунун Манас районунун ичүүчү суу түтүктөрүн реабилитациялоо боюнча аткарылган иштердин баасын кымбаттатып жиберишкен.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызматкерлеринин подряддык компания менен кылмыштуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында долбоорго ылайык иштер аткарылган эмес, аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 5 млн. 212 миң 552 сом зыян келтирилген.
Учурда бул мыйзамсыз аракетке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.