Печать
Категория: Коом
Просмотров: 194

 «Жалалабатгаз» газ кызматы Курманбек-Баатыр жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине газ кудугун орнотуу боюнча пландуу жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу ушул жылдын 24-апрелинде саат 8-00дөн 18-00гө чейин Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт.

Белгилей кетсек, аталган газ кудугу Спутник жана Кугарт кичи райондоруна газ берүүнү жөнгө салуу үчүн керек.

«Жалалабатгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз.