Печать
Категория: Коом
Просмотров: 391

УКМК тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси К.Т.А. кармалды.

Аталган жаран КР УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран  КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, КР УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы иш-аракеттерди улантууда.

Мындан улам, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо төмөнкү байланыш номуру аркылуу билдирүүгө чакырат: (WhatsApp – 0995 012210).