Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.
 
Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды.
 
Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды.
 
Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.
 
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
 
Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.