Печать
Категория: Коом
Просмотров: 616

Бүгүн, 20-апрелде борбор каланын Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү. Жыйынга КФБ, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин, Дене тарбия жана спорт департаментинин, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин, Жеңил атлетика боюнча КР федерациясынын өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө аталган мамлекеттик органдарга стадиондун реконструкциясы боюнча тапшырмалар берилди. Атап айтканда, шаардык муниципалитетке стадиондун айланасын көрктөндүрүү, КФБга оюн тааласын калыпка келтирүү жана жарыктандыруу системасын оңдоп - түзөө, ал эми Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктигине каржы булактары менен оңдоп - түзөө иштерин пландоо, Жеңил атлетика боюнча КР федерациясына чуркоочу аянчаларды кароого алуу боюнча милдеттеме жана тапшырмалар берилди.

Шаардын башкы аренасы реконструкцияга ушул жылдын 10-июнунда берилет. Оңдоп - түзөө иштери 2024-жылдын сентябрь айынын ортосунда аяктоосу пландалууда.