Печать
Категория: Коом
Просмотров: 593

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, баңгизатын коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган баңги сатуучу кармалды.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү "чарс" баңги каражаты табылды.

Такталган  маалыматтарга ылайык, аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңгизаттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.

2024-жылдын 17-апрелинде тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.Ж.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.