Печать
Категория: Коом
Просмотров: 271

Наркы 7 млн. сомдон ашык турган АКШ тарабынан берилген жабдуулар кыргызстандык “SFN International” компаниясына Жалал-Абад облусунда заманбап муздаткыч кампа ачууга жардам берди. Сыйымдуулугу 1100 тонна болгон кампа Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында азык-түлүк коопсуздугун жана фермерлердин жашоо шартын жакшыртат.

«Заманбап муздаткыч кампаны түзүү менен биздин компания дыйкандардан көбүрөөк түшүмдү сатып алып, Кыргызстандын түштүгүндөгү 700дөн ашуун кожолукту тазалоо, сорттоо, таңгактоо жана сактоо кызматтары менен камсыздайт. Кампа фермерлерге айыл чарба азыктарынын калдыктарын азайтууга, сапатын жакшыртууга жана кирешесин 150% га жогорулатууга жардам берет. Мындан тышкары, биз 200 жаңы жумуш орундарын түзүп, ишканаларга жогорку сапаттагы азыктарды жана кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоого жардам берүүнү пландап жатабыз», - деди «SFN International» компаниясынын жетекчиси Ынакбек Абылкасымов.

Жабдуулар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан “Агросоода” долбоорунун алкагында берилди. Бул жана Кыргыз Республикасынын башка аймактарындагы АКШ тарабынан колдоого алынган муздаткыч кампалар айыл чарба азыктарынын калдыктарын азайтууга, тез бузулуучу азыктардын сактоо мөөнөтүн узартууга, рыноктун туруктуулугун сактоого жана жыл бою азык-түлүк менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоого жардам берет.

«2018-жылдан бери АКШ өкмөтү жергиликтүү компаниялар менен кызматташып, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында 20дан ашык жаңы муздаткыч кампаларды түзүүгө көмөктөштү. Бул кампалардын жалпы сыйымдуулугу 12500 тоннаны түзөт. Бул түштүк аймактагы жалпы сактоо сыйымдуулугун эки эсеге көбөйтүп, азык-түлүктүн бузулушун 40%га азайтат жана 4000ден ашуун фермерлер үчүн киреше алып келүүчү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат”, - деп белгиледи USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Джеймс Лайкос.