Кыргыз Республикасынын Жокорку Кеңешинин депутаттарынын, КР ИИМдин орун басары жана ЖКККББнын жетекчилигинин, ошондой эле тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Анда, тез жардам кызматынын унааларына “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу айып пулдар келип жаткандыгы боюнча маселе көтөрүлүп, аны жеринде кароо боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттары жана ИИМдин өкүлдөрү Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу тез жардам унааларынын автобазасына, андан чыгып, ЖКККББнын Мониторинг борборуна келишти.
Азыркы учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун иштөө тартиби, камералар кайсы жол эрежелерин бузуу фактыларын тартаарын жана тез жардам унаалары бузган жол эрежелерине чыгарылган токтомдор жана аларды комиссиянын кароосу менен жокко чыгаруу тартибин Жогорку Кеңештин депуттаттык комиссиясына көрсөтүлүүдө.