Печать
Категория: Коом
Просмотров: 446

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев наркобизнес менен аеосуз күрөш жүрүп жатканын кечээ, 17-мартта чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшыруу иш чарасында билдирди. 

"Наркобизнес бүгүнкү күнү чыныгы наркобизнеске айланып калган. Өлкөдө баңгизаттарды колдонуу жана анын кесепети чоң масштабга ээ болууда.

Наркобизнес менен аеосуз күрөш жүрүп жатат, укук коргоо органдары бул жаатта иштерин дагы катуулатышы керек.

Урматтуу президентибиз дагы бул жөнүндө айтып жатат. Айрыкча жаштар арасында, мектептерде, жогорку окуу жайларында баңгизат тарап жатат.

Эгерде мурда баңгизатты өстүрүшсө, азыр көбүнчө синтетикалык түрү колдонулууда. Анын курамына кирүүчү затттарды башка өлкөлөрдөн алып келишип, бул жакка лаборатория ачып жатышат.

Андан тышкары, баңгизаттарды мурдагыдай таратышпайт, азыр интернет аркылуу ар кандай жаңы технологияларды колдонуп таратышууда. Сен ал кишини көрбөйсүң, тааныбайсың, жөн гана макулдашып, закладканы таратышасың, а акча электрондук капчыкка түшөт. Башкача айтканда, мамлекеттик деңгээлде чоң коркунучка айланды.

Жаштарга, айрыкча өспүрүмдөргө, студенттерге, жакшынакай улан-кыздарга кайсы жакка барышпасын 1-2 жолу даамдап көрүүгө баңгизат беришет, ошону менен көз каранды болуп калышат. Андан соң көз каранды болгондор кылмышка барышат, ошону менен өлкөсүн коргоп, колдой турган жаштардан болуунун ордуна өлкөсүнө зыян алып келген жаштарга айланышат.

А алар биздин балдарыбыз да. Демек, биздин максат ошол балдарыбызды келечекте өлкөгө кызмат кылгыдай кылып сактап калуу", - деди Ташиев. 

Айтымында, эгерде баңгизатка байланышкан ушул кырдаал сакталып калса, анда 2-3, же 10 жылдан кийин коом чоң көйгөйгө кабылат. 

Ошондуктан укук коргоо органдары баңгизат каражаттарына каршы аеосуз күрөш жарыялаганын Ташиев белгиледи. Баңгизаттарды тараткан адамдарга мыйзам чегинде катаал жаза колдонулат.