Печать
Категория: Коом
Просмотров: 523

Эгер элдин нааразычылыгы жаралса Жалал-Абад облусунун күч блогунун жетекчилиги жана президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жооп берет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Эске салсак, кечээ, 17-апрелде Камчыбек Ташиев УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине Шамалды-Сай шаарчасына курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин ачкычын тапшырды. 

Ал укук коргоо органдарынын, Жалал-Абад ИИБинин жаңы жетекчиси бул салтанатка келгенин белгилеп, аларга кайрылды. 

"Сиз, полковник Асанов, Жалал-Абад облусунун прокурору, сиз, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси, баарыңыздар катуу иштейсиздер, элдин маселесин чечесиздер. Губернатор, прокурор, ИИБ жетекчиси, эгерде элде нааразычылык жаралса, төртөөңөр тең жооп бересиздер. Элдин кандай маселеси жаралбасын, ошол замат барып чечип беришиңиздер керек. Өйдө жактан көрсөтмө күтүп отура бербей, маселени чечкиле", - деди Ташиев. 

Ошондой эле ал элге жана укук коргоо кызматтарынын ардагерлерине кайрылып, жергиликтүү органдар кайсы бир жерде туура эмес кадамга барышса, же милдеттерин так аткарбай жатышса, же элге карата туура эмес мамиле жасашса, дароо УКМКга маалымат жеткирүүгө чакырды. 

"Биз иштөөгө милдеттүүбүз. Президентибиз биздин алдыбызга маселени жерине барып чечүү тапшырмасын койгон. Ким болбосун, эгер элдин маселесин чече албаса, ал кызматтан кетиши керек. Мамлекет башчыбыз кызматка элдин маселесин чече алган адамдарды алгыла деген тапшырма койгон.

Бул жерде айтылгандардын баары сөз бойдон калбашы керек, ишке ашышы керек. Бул үчүн сиздер, жетекчилер, катуу иштегиле!" - деди Камчыбек Ташиев. 

Белгилей кетсек, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу элчиси - Абсаттар Сыргабаев, ИИБ жетекчиси Марлис Асанов жана прокурор - Турусбек Ишеналиев.