Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Россиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 94 кыргызстандык Кыргызстандагы абактарга которулуудан баш тартканын билдирди.
"Депутаттардан Россияда соттолгон кыргызстандыктарды мекенге которуу боюнча кайрылуулар көп түшөт. Ошондой эле курьер болуп иштеген кыргызстандыктар күнөөсүз жерден баңгизат ташыганы үчүн абакка түшүп жатканы тууралуу кайрылуулар көп. Бирок алардын күнөөсү бар.
Ал эми экстрадация боюнча маселеге келсек, биз бир нече ирет РФ башкы прокурору, юстиция министри менен жолугушканбыз. Кайсы бир арыз каралбай калды деген болбойт. Россиядагы ар бир мекендешибиз прокуратура кандай иштерин, арыз жазып коюшса эле биз бул жакка которуп алып келерибизди билишет", - деди Зулушев.